User:Расул Музафаров

From Wikidata
Jump to navigation Jump to search

Дем Алуу-Организмдин бардык клеткаларына кычкылтектин жетиштүү өлчөмү үзгүлтүксүз барып турушу абдан зарыл. Клеткалардагы май, белок жана углеводдун молекулалары кычкылтек менен кычкылданат. Органикалык заттар кычкылданганда, алардын молекулалары көмүр кычкыл газына жана сууга ажырап, энергия бөлүнүп чыгарылат. Газдарды ташуу дем алуу жана кан айлануу системалары менен аткарылат. Алардын жардамы менен кычкылтек бардык ткандарга жеткирилет, ал эми көмүр кычкыл газы ткандардан өпкөгө алынып келинет. Газдар клеткалардын мембранасынан оңой эле өтүп кетет. Мына ушул процесстин натыйжасында, ар бир клетка өзүнө керектүү болгон кычкылтекти алып, көмүр кычкыл газынан бошонот. Кычкылтектин сырткы чөйрөдөн организмге келиши, клеткалардагы органикалык заттарды кычкылдандырууга пайдаланышы жана кычкылдануу процесси менен пайда болгон көмүр кычкыл газынын организмден чыгарылышы "дем алуу" деп аталат. Кан тамырлардын торчосу дем алганда мурундан кирген абанын температурасын дененин температурасына чейин жылытат.